Казакстандын руханий борбору Түркестан шаарына «эл аралык чеберлердин шаары» макамы берилди. Буга карата облуста кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана этнофестиваль өткөрүлдү. Түрдүү чыгармалар коюлган көргөзмөгө облустун белгилүү чеберлеринин буюмдары коюлду.
Ердаулет Амантай уулу, «Open Turkistan» туристтик маалыматтык борборунун жетекчиси:
- Быйыл Түркестан шаарына өзгөчө макам берилгендиктен «Эски түрк салты» фестивалын өткөрүп жатабыз. Бул улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган иш-чара болуп саналат. Мында казактын улуттук оюндары, тамактары бар. Бул жерде унутта калып бара жаткан тарыхты пропагандалап жатабыз.
Адистердин айтымында, Түркестанга «эл аралык кол өнөрчүлөр шаары» макамын берүү аймактын маданий мурастарын сактоого шарт түзөт. Бул жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин дүйнөлүк аренада көрсөтүүгө жол ачат.
Мухтар Төлепов, Түркестан шаарынын бизнести колдоо жана туризм бөлүмүнүн жетекчиси:
- Бул тармактын өнүгүүсүнө, туризм чөйрөсүн, ошондой эле кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул да өзгөчө макам. Мыйзам чегинде кол өнөрчүлөрдүн имаратын ижарага алуу, курал-жабдыктарын алуу, чийки зат алуу багытында субсидиялоо иштерин жүргүзөбүз.
Азыр Түркестанда кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы курулду. Объект жакын арада өлкөнүн ээлигине берилет деп пландалууда. Жаңы борбор чеберлердин ишин арттырып, сатып алуучулар менен түз байланышка чыгууга алмаштырылгыс жай болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

