Жаштарга улуттук космос программасын өнүктүрүү механизмдери тууралуу айтылды

Жаштарга улуттук космос программасын өнүктүрүү механизмдери тууралуу айтылды

Ушул жылдын аягында «Союз-5» ракетасын учуруу сыноолору башталат. Аны Казакстан-Орусия биргелешкен «Байтерек» ишканасы жүзөгө ашырат. Бул тууралуу уюмдун башкармалыгынын төрагасы, космонавт Айдын Айымбетов студенттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Борбор калаада авиациянын генерал-майору менен маектешүүгө атамекендик ЖОЖдордон жана колледждерден 70тен ашык студент чогулду. Жолугушууда улуттук космостук программаны өнүктүрүү механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Студенттерге Казакстандын аэрокосмостук тармагы бир катар илимий-изилдөө жана инженердик-техникалык түзүмдөрдөн тураары айтылды. Негизги максаты-жаштарды жогорку технологияга жана тармактын илимий жетишкендиктерине байланыштуу кесиптерди тандоого үндөө. Иш-чара Байконур космодромунун 70 жылдыгына жана дүйнөлүк авиация жана космос күнүнө арналды.

Айдын Айымбетов, «Байтерек» Казакстан-Орусия БК» АК башкарма төрагасы:

- Быйылкы жыл жумушчу кесиптердин жылы деп жарыяланды. Байкоңур космодромунда жаштарды жумушка чакырган кесиптер жумушчулардын катарына кирет. Бул Байтерек ракеталык комплексине кызмат көрсөткөн инженердик-техникалык курамдар. Студенттерди, жаш адистерди легендарлуу Байконур космодромунда иштөөгө чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков