Түркестан өзгөчө макамга жана өзүнүн дизайн кодуна ээ болот

Түркестан негизинен өзгөчө статусу менен бирге чыгыш стилинде өзүнүн дизайн-кодун ала алат. Бул байыркы шаардын тарыхый көрүнүшүн сактоо үчүн зарыл. Бул тууралуу Мажилистин жыйынында тиешелүү мыйзам долбоорун сунуштап жатып, улуттук экономиканын вице-министри билдирди. Бауыржан Омарбеков өзгөртүүлөрдө Хожа Ахмед Ясауи күмбөзүнүн айланасында бийиктиги жети метрден ашкан объекттерди курууга тыюу салуу да каралганын белгиледи. Ошону менен бирге, Түркестан археологиялык эстеликтеринин резерватын түзүү маслихатка жана шаардын акимчилигине жалпысынан 34 кошумча компетенция берүү сунушталат. Ошентип, акыркы ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары шарттуу түрдө үч багытка бөлүнгөн. Алардын бири туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Мажилисте баса белгилегендей, ушул жана башка жаңылыктарды бир нече мыйзамдарга киргизүү үчүн мамлекет башчысынын Түркестан макамын аныктоо үчүн өзүнчө мыйзамдын зарылдыгы тууралуу тапшырмасы негиз болуп саналат.

Бауыржан Омарбеков, Казакстандын улуттук экономика вице-министри:

- Мыйзам долбоору Казакстан Республикасынын Жер кодексине, «Казакстан Республикасындагы архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иши жөнүндө», «Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Казакстан Республикасындагы туристтик ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт. Мыйзам долбоорлорун кабыл алуу социалдык-экономикалык жана укуктук терс кесепеттерге алып келбейт.

Которгон: Назира Бегалиева