Кино өндүрүш тармагы Казакстандын туристтик тартымдуулугун жогорулатууга жигердүү катышат. Бул жаатта «Kazakh Tourism» эл аралык аренада тармактын өкүлдөрү менен кызматташууну бекемдейт. Өлкөнүн кооз жаратылышы, бай маданий мурастары тасмага тартылып, кеңири жайылтылат. Серепчилердин айтымында, бул дүйнөлүк саякатчылардын көңүлүн Казакстанга тартуунун жаңы жолу. Тянь-Шань тоо кыркаларынын, Кайыңды жана Бурабай көлдөрүнүн, Бетпак талаа чөлүнүн жана Чарын капчыгайынын кумдуу талааларынын кооздугу өзгөчө. Алар уникалдуу видео кадрларды түзөт. Түркестан сыяктуу байыркы шаарлар да тарыхый тасмаларды тартуу үчүн алмаштыргыс локация. Астана заманбап фильмдерди тартууга абдан ылайыктуу жер.
Алишер Турсын, «Kazakh Tourism» УК
долбоорлорду башкаруу департаментинин мүдүрү:
- «Kazakh Tourism» улуттук компаниясы Казакстандын туризм боюнча Элчисин дайындады. Ал биздин өлкөгө ири кинодолбоорлорду тартуу менен алектенет. Бул демилге биздин туристтик аймактардын дараметин максималдуу ачууга жана кеңири жайылтууга мүмкүндүк берет. Жалпысынан кино индустриясы аталган тармакка таасир этүүдө жетиштүү дүйнөлүк тажрыйбага ээ. Белгилүү актер Леонардо Ди Каприо ойногон «Жээк» тасмасы көпчүлүктүн көңүлүн буруп, ал жердин туристтик популярдуулугун арттырды. Биз ошондой эле Казакстанга белгилүү кинопродюсерлерди жана режиссерлорду тартууну пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

