Сенат Масс-медиа тууралуу мыйзамды кабыл алды

Казакстанда медиа тармагын өнүктүрүү боюнча коомдук-кесиптик кеңеш түзүлүп, журналисттердин этика кодекси иштелип чыгат. Мындан тышкары, мамлекеттик тилде телерадиоберүүлөрдүн жумалык чыгарылышынын көлөмүн акырындык менен көбөйтүү көздөлүп жатат. Ошентип келерки жылдан баштап 55%, ал эми 2027-жылдан тартып 60% камсыз кылуу мерчемделген. Экинчи жагынан ата мекендик телерадиоканалдардагы чет элдик берүүлөрдү ретрансляциялоону 20%дан 10%га чейин кыскартуу каралып жатат. Өлкө Сенаты “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга ушул жана башка өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү. Тармактык башкармалыктан белгилешкендей, мыйзамда өлкөдөгү 17 милдеттүү телеканалга карата талаптарды кайра карап чыгууга мүмкүндүк берген бир катар жаңычылдыктар камтылган.

Канат Ыскаков, маданият жана маалымат вице-министри:

– Мындан ары өлкөдөгү 17 каналдын ичинен 9 мамлекеттик каналдын өкүлдөрү сынакка катышпайт, ага ылайык эч кандай документтер тапшырылбайт. Ал эми калган 8 катышуучуга токтолсок, бул тайпадаалырдын курамын аныктоо кезинде алгач алардын мазмуну эске алынат. Бул мазмундук бөлүм, маданий, агартуучулук бөлүм жана анын мазмуну биздин бардык мыйзам ченемдерибизге, каада-салттарга жана жарандарыбыздын кызыкчылыктарына жооп бериши керек. Биз бул жагына артыкчылык бердик. Ошондуктан, биз милдеттүү каналдардын тизмесин аныктоо үчүн аталган талаптарды киргиздик.

Казакстанда мыйзамсыз балык уулоо менен күрөш күчөтүлөт

Ошондой эле, парламенттин жогорку палатасы башка мыйзам долбоорлорун карады. Атап айтканда, Сенат Дүйнөлүк соода уюмун түзүү боюнча Марракеш протоколуна киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттады. Бул келишим мыйзамсыз жана жөнгө салынбаган балык уулоого көмөктөшүүчү субсидияларды чектөө аркылуу биологиялык ресурстарды сактоону камсыз кылууга багытталган. Жалпысынан документте 12 берене камтылган. Анда балык чарбасынын негизги түшүнүктөрү, кырсык болгон учурда жардам көрсөтүү үчүн субсидиялардын түрлөрү, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган деп шектелген кемени убактылуу кармоо боюнча жоболор камтылган. Ушундай жол менен Казакстанда мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков