Казакстанда Улуттук жасалма интеллект борбору пайда болот. Кийинки жылы
Астанада ачылышы пландалууда. Ал натыйжалуу санариптик чечимдерди тандоо
борборуна айланат. Казакстан коңшу өлкөлөр менен биргеликте Перс булуңунун
өлкөлөрүнө чыгуучу Каспий деңизинин түбү боюнча була-оптикалык байланыш линияларын
тартуу долбоорун ишке ашырууда. Мындай интеграция маалыматтарды чогултуу жана
кайра иштетүү үчүн өнүккөн инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой
эле дүйнөлүк рынокко казакстандык IT-чечимдерди киргизүүнү камсыз кылат. Өкмөт башчы Азия-Тынч океан мамлекеттеринин
инклюзия жана трансформация боюнча министрлер конференциясында өлкөдө
санариптештирүүнү өнүктүрүүгө басым жасады. ЭСКАТОнун уюштуруусу менен өткөн
иш-чара санариптик өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган.
Олжас
Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Кечээ мамлекет башчысы өз
сөзүндө Казакстан жасалма интеллектти кеңири колдонгон жана санариптик
технологияларды өнүктүргөн өлкөгө айланышы керектигин белгиледи. Алар бизнес,
билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн жаңы горизонтторду ачып, экономикалык
өсүштү камсыз кылуу менен катар миллиондогон адамдардын
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошондуктан биз бул багыттарды активдүү өнүктүрөбүз.
Бүгүнкү күндө Казакстан санариптик өнүгүү боюнча дүйнөдөгү 30 өлкөнүн катарына
кирсе, онлайн кызматтары боюнча 8-орунда турат.
Армида
Салсия Алишахбана, БУУ баш катчысынын орун басары:
- Санариптештирүү
кадимки нормага айланды. Ал биздин экономиканы өзгөртүп , баалуулуктарды түзүү
үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана туруктуу өнүгүүнүн негизги милдеттерин
чечүүгө жардам берген коомдук структураларды өзгөртөт. Бирок санариптик
трансформация болуп көрбөгөндөй татаал жана белгисиз экономикалык, экологиялык
жана социалдык тобокелдиктер менен да байланыштуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков