Казакстан Түндүк Арал деңизин калыбына келтирүү боюнча долбоорду улантууга даярданууда

Казакстан Түндүк Арал деңизин калыбына келтирүү боюнча долбоорду улантууга даярданууда

Казакстанда Түндүк Аралды калыбына келтирүүнүн экинчи этабына даярдык иштери жүрүп жатат. Ал суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга, балык чарбасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, түндүк бөлүгүндө сууну сактоонун көлөмүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Азыр долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Белгилей кетсек, ал үч компоненттен турат.

 

Алмас Мусабеков, суу ресурстары жана ирригация министрлгинин коом менен байланыш башкармасынын башчысы:


Алардын биринчиси - Түндүк Арал жана Сырдарыянын аймагында инфраструктураны өнүктүрүү, гидрогеологиялык абалды жакшыртуу. Экинчиси – Кызылорда облусунун туруктуу экономикалык, социалдык жана экологиялык шарттарын колдоо. Үчүнчүсү – маалыматтык базаны жана суу ресурстарын башкаруу системасын жакшыртуу. Долбоордун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча Көкарал дамбасы курулуп, Түндүк Аралдагы суунун көлөмү 27,1 миллиард куб метрге жетти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков