Трансчегаралык суу ресурстарын биргелешип пайдалануу жана Арал деңизинин бассейниндеги экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү андан ары чечүү боюнча чаралар. Бул маселелерди президенттин тапшырмаларынын алкагында премьер-министр Олжас Бектенов Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары менен талкуулады. Тараптар Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун башкармалыгынын биринчи жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Эскерте кетсек, жакынкы эки жылда бул уюмдун төрагасы болуп биздин өлкө шайланган жана көптөгөн өлкөлөрдүн милдеттери бар. Олжас Бектеновдун айтымында, бүгүнкү күндө суу-энергетикалык кызматташтыктын механизмдерин иштеп чыгуу, санариптик технологияларды киргизүү, жерди аралыктан зонддоонун спутниктик маалыматтарын колдонуу абзел. Мында бардык тараптардын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш. Ошондой эле Арал деңизинин бассейниндеги суу ресурстарын эсепке алуунун, мониторинг жүргүзүүнүн, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу зарыл. Мунун баары күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын жана жайкы мезгилде сугат суунун тартыштыгын болтурбоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Назира Бегалиева