Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык форумунун катышуучуларына куттуктоо катында билдирди. Жыйындын күн тартибинде боордош өлкөлөр арасында маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө артыкчылык берилди. Мындан тышкары, трансчек аралык суу маселеси көтөрүлдү. Саясий, соода-экономикалык жана андан тышкары аймактык коопсуздук маселелери, биргелешкен инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транзиттик-транспорттук дараметин жогорулатуу, жүктөрдү жеткирүүнүн альтернативдүү жолдорун түзүү да негизги көңүл чордонунда болду. Ошондой эле, мыйзам чыгаруучу органдардын отурумунда мыйзам базасын кайра карап чыгуу көздөлүүдө. Белгилей кетсек, форумдун жыйынтыгында Түркестан декларациясы кабыл алынды.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Борбор Азиянын аймагы аркылуу жүздөгөн жылдар бою Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган жана орто кылымдарда соода жолу катары эсептелген Улуу Жибек жолу өткөн. Натыйжада бирдиктүү соода, байланыш жана маданий мейкиндик калыптанды. Мына ушундай жалпы тарых менен катар бүгүнкү тыгыз мамилебиз бизди байланыштырып турат. Учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы кызыкчылыктары жана милдеттери окшош. Андыктан тыгыз кызматташтыкка жана ишенимге негизделген диалогду бекемдөө, аймактын келечегин аныктай турган тышкы жана ички чакырыктарга биргелешип каршы туруу маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков