Сенатта аскерий кызматкерлердин жашоосу менен ден соолугун сактоо маселелери каралды

Сенатта аскерий кызматкерлердин жашоосу менен ден соолугун сактоо маселелери каралды

Алардын 80%ы атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өткөн. Башкача айтканда, 105 миңден ашык уландар мекен алдындагы милдетин аткарууга укуктуу деп табылды. Дагы 19 миңи медициналык же психологиялык тесттен өтпөй калды. Өлкөдө аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун коргоо маселелери Сенаттын Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралды. Саламаттыкты сактоо министрлиги армияга жарамсыз эң көп катталган аймактарды атады. Бул жаатта Атырау облусу алдыга чыкты. Андан кийинки орунда Батыш Казакстан облусу турат. Тизмени Шымкент, Алматы жана Акмола облустары улантат. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин мониторинг комитети аталган аймактардагы кабыл алуу комиссияларынын иши акыркы эки жылда текшериле турганын билдирди.

Вячеслав Дудник, Саламаттыкты сактоо вице-министри:

- Ким кандай себептер менен жарамсыз деп табылганын кылдат текшеребиз. Учурда бул багытта биргелешкен каттын үстүндө иштеп жатабыз. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги өз комитетине иликтөө жүргүзүүгө буйрук бере албайт. Ал үчүн Коргоо министрлиги бизге атайын кат жөнөтүшү керек. Андан кийин текшерип, толук талдоо жүргүзөбүз. Эгерде биз конкреттүү боштуктарды тапсак, чечүү жолун издейбиз.

Ошондой эле, жыйында аскер кызматына жана армияга карата оң көз карашты калыптандыруу маселеси көтөрүлдү. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бул ишке блогерлер жана коомдук ишмерлер жигердүү катышууда. Ошол эле учурда тиешелүү мекеме патриоттук темадагы фильмдерди жана сериалдарды тартууга колдоо көрсөтүп келет.

Султан Камалетдинов, Коргоо министринин орун басары:

- Өздүк курамды курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздайбыз. Биздин жердешибиз, Советтер Союзунун Баатырынын эрдиги жөнүндө баяндаган «1941-жылдын жайы» тасмасын Беларустун аймагында көрсөтүү мерчемделүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков