Казакстан жакынкы жылдары кеминде 2400 МВт энергиянын кайра жанма булактарын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Анын ичинен бүгүнкү күндө 358 миллиард теңгеге 779 МВт ишке кошулган. Калганына болжол менен 800 миллиард теңгеге жакын инвестиция салуу көздөлүүдө. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, долбоорлор аркылуу 5 жарым миллиард киловатт сааттан ашык жашыл энергия өндүрүү күтүлүүдө. Анын ичинде энергиянын кайра жанма булактарынын 40тан ашык объектилери курулат. Тактап айтканда, 17 суу, 16 шамал, беш күн жана беш биоэлектр станциялары курулат. Белгилей кетсек, Казакстанда азыркы учурда 130 жашыл альтернативдик энергия булагы иштеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков