Казакстандык режиссёр Канн кинофестивалында мыкты аталды

Казакстандык режиссёр Канн кинофестивалында мыкты аталды

Сынактын калыстары анын жергиликтүү аткаруучу Галымжан Молданазардын “Көгүчкөн” ырындагы эмгегин жогору баалашты. Режиссёр 5 мүнөттүк чыгармасы аркылуу дүйнөгө тынчтык менен ынтымактын маанилүүлүгүн жеткирүүгө аракет кылганын айтат. Белгилей кетсек, клиптин бет ачары өткөн жылы болгон. Алматынын жанында жүргүзүлгөн тартуу иштерине үч күн гана керектелген. Ага 100 бала катышты. Көбүнчө клип даяр ырга гана тартылат. Бул жолу кадимки салт өзгөрүп, анын ордуна клипке арналып ыр жазылды.

Малик Зенгер, режиссёр:

- Ал мага даяр ырларды берет. Же өзүмө жаккан трек тандайм. Көбүнчө өзүм барып ырга клип тартууну сунуштайм. Клип аркылуу ырдын маанисин ачуу мен үчүн абдан маанилүү. Бул жолу клиптин идеясына аткаруучу өзү ыр жазды. Башкача айтканда, биз башка өңүттөн иштөөгө аракет кылдык. Биринчиден, менин оюмда атайын сценарий түзүлдү. Кийинчерээк чакан тартуу иштери жүрдү. Мен аны ырчыга көрсөттүм. Менин сунушум дароо колдоого алынды.

Малик Зенгердин бул видеосу буга чейин ар кандай эл аралык фестивалдарда 37 жолу жеңүүчү жана атайын сыйлыктын ээси болгон. Ал бул эмгегин келечекте башка сынактарда да сынап көрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков