Астанада Нооруз майрамына арналган интерактивдүү экскурсиялар жумалыгы башталды

Астанада Нооруз майрамына арналган интерактивдүү экскурсиялар жумалыгы башталды

Арыктын шудурашы, тамчынын тамышы, куштардын сайрашы. Жаратылыштын ойгонушун чагылдырган обондор адаттан тыш интерактивдүү көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурат. Борбор калаанын президенттик борборунда Нооруз майрамына арналган көргөзмө уюштурулду. Бул 10 күнгө созулган иш-чаралардын бир бөлүгү гана. Бул жерде каалаган адам байыркы майрам жөнүндө жаңы маалыматтар менен таанышат. Жумалыктын көшөгөсү улуттук музыкалык ансамблдердин аткаруулары менен ачылды. Жалпысынан көргөзмөдө оймо-чийме менен кооздолгон идиштер, үй буюмдары, салттуу саймалар, ошондой эле  айкелдер коюлган. Мунун баары түрк элдеринин күнөстүү жаз майрамына эрксиз байлап, каада-салттардын жана үрп-адаттардын бай тарыхына терең сүңгүп кирген өзгөчө таасир калтырат.

Ботагөз Кайыпова, Президенттик борбордун мүдүрүнүн орун басары:

- Нооруз түрк элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул жылнаамадагы майрам гана эмес, жаңылануунун символу. Башкача айтканда, адам менен жаратылыштын гармониясынын, адамдардын бири-бири менен болгон мамилесинин символу. Түрк элдеринин Нооруз майрамын кандай майрамдай турган 60ка жакын экспонат коюлду. Алар көчмөндөрдүн турмуш-тиричилигин гана эмес, көп кылымдык салттарын жана түрк элдеринин материалдык жана руханий мурастарынын өзгөчөлүктөрүн да чагылдырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков