Астанада улуттук баалуулуктарды даңазалаган лагерь иштейт

Алтыбакан, боз үйлөр жана кол өнөрчүлүк чеберканалары. Кадимки казактын салттуу үрп-адаттарынын жаркын үлгүлөрүн көрсөткөн айыл сыяктуу. Бул экспонаттардын көргөзмөсү эмес, балдардын этнолагери. Бул жерде жай бою жаш муундарга улуттук асыл сапаттар даңазаланат. Мында окуучулар ата-бабадан калган кесиптин тарыхы менен таанышып гана койбостон, унутулуп бара жаткан кол өнөрчүлүктү өздөрү жасап үйрөнүшөт.

Гүлшахар Амандык, окуучу:

– Ийримге катышып жатканыма бир жыл болду. Ушул бир жылдын ичинде мен токуу боюнча көп нерселерди үйрөндүм.  Мен бул лагерде дагы көп нерсени үйрөнө алам деп ойлойм. Мен бул лагерден жүн ийрип, кийиз тигүүнү үйрөнгүм келет.

Еркеназ Каукабаев, окуучу:

– Мен бул лагерге билбегендеримди үйрөнгүм келип катыштым. Мисалы, мен токуганды билем.  Бул лагерге көжө сыяктуу улуттук тамактар кантип жасаларын үйрөнүү үчүн келдим.

ЭтноАРТ «Мирас» лагеринде «Байбичелер» мектеби дагы иштейт. Эскинин сакчылары салтты балдардын аң-сезимине сиңирүү максатында жүн тытуу, жүн ийрүү, кийиз басуу, алаша, сайма сайуунун эски ыкмаларын көрсөтүп беришет. Ошондой эле сайма, жыгач жасоо, камчы өрүү, сүрөт тартуунун сырларын үйрөнөт. Улуттук тамактарды жасайт.

Ляззат Атыбай, №78 мектеп-гимназиянын көркөм эмгек сабагынын мугалими, идеянын автору:

– Астананын жанындагы айылдарга барып, балдар өздөрү ичип жүргөн кымыздын кантип жасаларын көрсүн деген максат койдук. Бир гана кымыз эмес, биздин өзүбүздүн улуттук тамак-аштар курут жаюу, жайында иче турган көжебиздин кантип жасала турганын мына ушулардын баарын лагерде үйрөтөбүз.

Мындан сырткары балдардын ой жүгүртүүсүн кеңейткен улуттук оюндар, элдик ыр ийримдери бар. Борбор калаадагы 78-мектеп-гимназиясынын жанында түзүлгөн окуу борбору теке айынын аягына чейин төрт нөөмөт менен иштейт. Ал эми ар бир смена эки жумага созулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков