Чын куран айынын 30на чейин президенттик администрация
«Казакстан Республикасынын
президенти тууралуу»
жана «Казакстан
Элдик Кеңеши жөнүндө»
конституциялык мыйзамдардын долбоорлорун даярдап, мамлекет башчысынын кароосуна
киргизет. Ушул эле мөөнөттө Өкмөт Мажилиске борбор шаардын макамы жана
административдик-аймактык түзүлүшү боюнча
конституциялык мыйзамдардын долбоорлорун киргизүүгө
тийиш. Мындан тышкары, теке айынын 1не чейин Өкмөт, ошондой эле
бардык мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актыларды жаңы Конституцияга
ылайык келтирүүгө милдеттүү. Тиешелүү буйрукка президенттин Жарлыгын ишке
ашыруунун алкагында Президенттик администрациянын жетекчиси кол койду. Белгилей
кетсек, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын
Мамлекеттик-укуктук бөлүмүнө жүктөлдү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

