Туризмге жаңы санариптик чечимдерди киргизүү

Туризмге жаңы санариптик чечимдерди киргизүү

Санариптик туризм өнүмдөрүн өнүктүрүү жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү максатына жетүүгө жардам берет, дешет эксперттер. Мисалы, гиддердин ишинде. Казакстан алардын ар бирине QR код ыйгаруу ниетинде. Бул мыйзамсыз гиддерди аныктоого мүмкүндүк берет, ал эми туристтер ата мекендик адистердин иши боюнча өз пикирлерин түз калтыра алышат. Айтмакчы, мындай заманбап санариптик технологиялар Түркестан облусунда конокторду кабыл алууда жана тейлөөдө буга чейин толугу менен колдонулуп келген. Аймакта бир катар реалдуу виртуалдык долбоорлор ишке кирди. Мисалы, мобилдик аппараттын камерасы жана атайын тиркеменин жардамы менен жашоого алып келе турган 3D китеп. Ал- казак, англис, орус жана түрк тилдеринде гид туристтерге аймактын эң популярдуу жерлери жөнүндө айтып берет.

Ерасыл Толебаев, Open Turkistan туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

- Өзүңүздөр көргөндөй, 3D китептерди, азыр биз VR көз айнектин долбоорун ишке киргизип жатабыз, андыктан биздин чет өлкөдө да конокторубуз Түркестанга чөмүлүп, алар көрүп, маданиятты үйрөнө алышат. Санариптик платформаларды, ошону менен биздин коноктор Түркестанда эмес, Алматыда, чет өлкөлөрдө болгондуктан, алар ал жактан визуалдык, маалымат алып, ошондой эле онлайн гид менен баарын билип, анан Түркестанга келип жана баарын өз көздөрү менен көрө алышат.

Эксперттердин айтымында, Казакстанда туризм тармагы пандемияга чейинки көрсөткүчтөрүнө гана кайтып келбестен, рекорддорду да жаңыртып жатат. Өткөн жылы ички туристтердин саны эле 8,5 миллион адамдан ашты. Ал эми ата мекендик мейманканалар, жатаканалар, эс алуу борборлору 183 миллиард теңгеден ашык киреше тапкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 70%га көп.

Татьяна Ходоровская, Казакстан туристтик ассоциациясынын менеджери:

- Туризм бутуна туруп, жүктөө акырындап көбөйүүдө, мурда коноктор аз болсо, азыр көп ишканалар орун жок деп жатышат. Бул биз үчүн жакшы, негизи туризмди өнүктүрүү үчүн тенденция оң. Казакстанда көптөгөн туристтик жерлерди көрүүгө болот, жөн гана изилдөө керек, биз буга жардам бере алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков