Казакстан эс алуу жайына сертификат тапшыруу жана ийгиликтин жыйынтыгын расмий каттоо аземи, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан Шымбулактын эң бийик жеринде “Талгар ашуусу” бекетинде өттү.
Шейда Субаши-Гемиджи, GUINNESS WORLD RECORDS китебинин расмий калысы:
- Шымбулак тоо курорту дүйнөдөгү эң бийик түнкү лыжа жолу катары Гиннесстин рекорддор китебине расмий түрдө киргенин кубануу менен билдирем. Бул - жаңы дүйнөлүк рекорд.
Асхат Оралов, маданият жана спорт министри:
- Бул тарыхый окуя. Биздин Шымбулак тоо курортубуз дүйнөдөгү эң бийик түнкү лыжа трассасы катары дүйнөлүк тарыхка – Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул алматылыктардын гана жетишкендиги эмес, бүткүл мамлекетибиздин сыймыгы. Бардыгыныздарды куттуктайм. Маданият жана спорт министрлиги тарабынан биз туризм кластерин өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз. Жалпысынан министрлик тарабынан конкреттүү кадамдар жасалып, алдыдагы жети жылга туризмди өнүктүрүү концепциясы иштелип чыкты. Шымбулак – туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири.
Иш-чаранын аягында салтанаттуу лента кесилип, массалык лыжа тебүү аземи өткөрүлдү. Белгилей кетсек, коньки тебүү 2021-жылдын жетинин айынан тарта башталган. Бул убакыттын ичинде жүз миңдеген жигердүү эс алуучулар кечки убакытта эң бийик жерден ылдый сыйгаланып түшүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков