Импорттоочулардын 30% Казакстанда бут кийимди маркалоо кодуна буйрутма берди

Импорттоочулардын 30% Казакстанда бут кийимди маркалоо кодуна буйрутма берди

Казакстандагы импорттоочулардын 30 пайызы бут кийимди маркалоо кодуна буйрутма берди. Улуттук каталогдо товар түрү боюнча 190 миңге жакын карточка киргизилген. Белгилей кетсек, Казакстанда милдеттүү түрдө санариптик маркалоо эки ай мурун ишке ашырыла баштаган. Ошол эле учурда, маркетологдор мындай жаңчылыктарды жигердүү киргизүүдө. Ал эми серепчилер бул жагдай баага таасирин тийгизбейт деген ишенимде.

Мухаммедхайдар Сеит, Санариптик экономиканы өнүктүрүү борбору долбоорунун жетекчиси:

- Маркалоо коду дегенибиз - бул алфавиттик-санариптик жаатта сунушталган, эки өлчөмдүү код түрүндө, Data Matrix түрүндө QR-кодуна окшош чаптоо. Жалпы маркалоо кодун алмаштыруу оңой же мүмкүн эмес. Себеби, маркалоо кодун түзүүдө криптографиялык коргоо стандарттары колдонулат.

Биринчиден, бул учурда сатып алуу пайдалуу болот. Эми бут кийим дүкөндөрүнүн кардарлары сатылып алынган буюмдун сапатына ишене алышат. Этикеткада өндүрүүчү, анын чыккан жери, сериялык номери, ал тургай ар кандай бузулуулардан коргоо жөнүндө маалымат бар. Серепчилердин баамында Казакстандын бут кийиминин жарымына жакыны - контрафакт. Белгилей кетсек, сатуучулар келерки жылдын чын куран айынын 1не чейин маркасыз бут кийимдерди сатууга мүмкүнчүлүк алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков