Казакстанда туризм тармагына инвестициялардын агымы кыйла
өскөндүгү байкалууда. Үстүбүздөгү жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча алардын
негизги капиталга түшүүсү 467 миллиард теңгеден ашты. Бул өткөн жылдын ушул
мезгилине салыштырганда эки эсе көп. Бизнестин саякат багытына болгон кызыгуусу
өлкөнүн 14 аймагында өзгөчө сезилүүдө. Бул тармакка каражат тартуу боюнча
алдыңкы беш аймактын катарына Астана, Алматы, Түркестан жана Түндүк Казакстан облустары
жана Шымкент кирет. Саякатчылардын саны көбөйгөн сайын жаңы туристтик
объектилерди түзүүгө, учурдагы инфраструктураны модернизациялоого жана тейлөө
сапатын жакшыртууга басым жасалат. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү буга жумшалат.
Серепчилердин айтымында, бул жалпы өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга
өбөлгө түзөт.
Которгон: Назира Бегалиева