Казакстанга апта сайын 11 миң чет өлкөлүк турист келет

Казакстанга апта сайын 11 миң чет өлкөлүк турист келет

Казакстанга келген туристтердин саны көбөйөт. Жыл аягына чейин өлкөгө 700 миң чет элдик турист келет. Мындай божомолду Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жума сайын республикага 11 миңге жакын чет элдик коноктор келиишет. Булар Орусия, Түркия, Өзбекстан, Кытай жана Түштүк Кореянын тургундары. Келечекте Иран жана Индиядан келген саякатчылардын саны көбөйүшү мүмкүн деп болжолдонууда. Белгилей кетсек, Казакстан жакында эле бул эки өлкөнүн жана Кытай Эл Республикасынын жарандары үчүн визасыз режим ачкан. Эгер мурда аларга өлкө аймагында 72 саатка визасыз жүрүүгө уруксат берилсе, эми бул мөөнөт дароо эки жумага чейин узартылды. Режим учурда 77 өлкөнүн жарандарына тиешелүү жана санын 100гө жеткирүү көздөлүүдө. Ушул жана башка чараларды эске алуу менен Казакстандын экономикасында туризм тармагынын үлүшү жакынкы үч жылда 8 пайызга чейин өсөт.

Дастан Рыспеков,  Казакстандын маданият жана спорт министрлигинин туризм индустриясы комитетинин төрагасы:

- Жыл аягына чейин ички туристтердин саны 8 миллионго жетет деп ойлойбуз. Бул көрсөткүч 2025-жылга чейинки пландарыбызга жакындап баратат. Акыркы эки жылда туристтердин эң көп барган жери өзгөргөн жок, анын биринчиси Щучинск-Бурабай, Маңгыстау курорттук аймактары жана Түркстан шаары. Улуттук парктарга келсек, быйыл аларга эки миллионго жакын турист келет деп күтүп жатабыз. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 25—27 пайызга көп. Ошондой эле, туристтердин тарыхый жана маданий жерлерге кызыгуусу артып келүүдө.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков