Ыр саптарында айкалышкан жашоо сабактары. Борбор калаада белгилүү казак акыны жана жазуучусу Егеухан Мухамадикызынын эки китебинин бет ачары болду. Автордун 80 жылдык мааракесине арналган басылмага ырлары менен кошо, анын өз жашоосунан алынган аңгемелер, эскерүүлөр камтылды. Биринчи чыгарма «Буйырган» деп аталат. Анда автордун туулган жери, маданияты жана улуттук каада-салттары тууралуу жөнүндө чыгармалары, ой-толгоолору жыйналган. Ал эми «Күнөөлүү кыз» аттуу экинчи китебине «Чоң энемдин окуясы» аттуу эссе-романы кирди. Чыгармада чытырман окуяга толгон сүйүү окуясы жана бир кезде тарыхый мекенинен кетүүгө аргасыз болгон казактардын тагдыры тууралуу баяндалат. Егеухан Мухамадикызынын чыгармачылыгы менен таанышкан борбор калаанын интеллигенция өкүлдөрү – жазуучулар жана акындар жылуу пикирлерин билдиришти.
Айгүл Кемелбаева, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, прозаик:
- «Күнөөлүү кыз» – бул чыныгы чыгарма. Мен бул китептен кино сценарийди, даяр кино драматургияны көрдүм. Себеби, детектив жанрындагы окуя катары окудум. Чыгармада көчмөн казактардын турмушу сүрөттөлөт. Алардын өткөн менен байланышы жоголбогондугу тууралуу. Абдан сонун чыгарма. Таң калдым. Бул роман автобиографиялык мүнөздө, автордун өз турмушунан алынган жана сүйүү окуясын баяндайт. Абдан масштабдуу дүйнө. Бир сөз менен айтканда, сонун китеп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков