Өткөн жылы 15,5 миллион чарчы метрге жакын турак-жай пайдаланууга берилди. Жалпысынан үч триллион теңгеге жакын инвестиция тартылган. Тармактагы жигердүүлүк 18 аймакта катталды. Актөбө облусу алдыңкы үчтүккө кирди. Облустта бир миллион эки жүз миң чарчы метрден ашык турак-жай курулду. Ошондой эле, Актөбөдө бюджет эсебинен 75 миң чарчы метр турак жай насыяга жана дагы 30 миң чарчы метр ижарага бериле турган коммуналдык турак жай пайдаланууга берилет деп пландалып жатат. Дагы бир айта кетчү нерсе, облуста жаштар үчүн жеңилдетилген шарттар менен ипотекалык насыялар ишке кирди.
Азат Оразалин, Актөбө облусттук жаштар ресурстук борборунун бөлүм башчысы:
Негизинен 15 жылга чейин жеңилдетилген насыялар берилет. 15 жылдан 25 жылга чейин 25 миллион теңге каражат жана 5 пайыздык төлөм менен. Жыл аягына чейин 40 үй-бүлө менен чектелбестен, дагы 100 үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу көздөлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков