Быйыл Казакстан мамлекеттик символдордун 30 жылдыгын белгилейт. Буга байланыштуу өлкөнүн борборунда көптөгөн акциялар, флешмобдор жана концерттер уюштурулат. Жүзгө жакын чыгармачыл коллективдердин катышуусунда жалпысынан 200 иш-чара мерчемделген. Ошентип, кулжа айынын 4дө борбор калаанын айдоочулары жана спортчулары парадды башташат. 50 унаадан турган авто колонна шаардын негизги проспектилери менен жүрүп, 30 чакырым аралыкты басып өтөт. Анын узундугу бекеринен тандалган эмес. Бул өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн негизги атрибуттары расмий түрдө бекитилген күндүн 30 жылдыгын билдирет.
Нурпейис Конысбаев, Автомотоспорт боюнча мамлекеттик машыктыруучу:
- Ар бир спортчунун кыялы – бийиктиктерди багындырып, көк желекти желбиретип, гимнибизди ойнотуу. Ошондуктан бул өсүп келе жаткан жаш спортчуларыбызга чоң үгүт болот.
Сакен Есиркепов, Тилдерди өнүктүрүү жана архив иши башкармалыгынын башчысынын орун басары:
- Чоң патриоттук иш-чара болот. Анда жаштарыбыз 50 желекти көтөрүп, шаарыбыздын көчөлөрүндө жүрүшкө чыгат. Ошондой эле быйыл 5 миң атайын туу чыгардык. Аны коомдук транспортко, жеке унааларга, таксилерге баарына таратып беребиз.
Майрамдык программанын урунттуу учурларынын бири өлкө президентинин катышуусунда мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болмокчу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков