«Астана Опера» жана «Астана
Балет» спектаклдери Швейцария коомчулугун таң калтырды. Республика күнүнүн
алдында Женевада казак балетинин кечеси өттү. Bâtiment des Forces motrices театрынын
сахнасында өлкөнүн эмгек сиңирген ишмери Бактияр Адамжан менен «Астана Опера»
театрынын солисти Анастасия Заклинскаянын аткаруусун жергиликтүү коомчулук
жылуу кабыл алды. Ата мекендик театрлар француз хореографы Ролан Петинин «Бозбала
жана өлүм» спектаклин тартуулашты. Балет чеберлери атактуу чыгарманын маңызын
бий аркылуу жеткиришти. «Астана Балет» артисттери да жаркын өнөрү менен өзгөчөлөнүштү.
Алар Жорж Бизенин музыкасына жазылган «Кармен Люкс» спектаклин көрсөтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков