Казакстандык премьералар «Бастау» фестивалында

Казакстандык премьералар «Бастау» фестивалында

Алматыда жетинин айынын 29да 10 жылдык мааракелик эл аралык студенттик жана дебюттук Бастау кинофестивалынын көшөгөсү ачылат. Анын алкагында дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнөн 60ка жакын тасма сунушталган. Сынактын катышуучуларынын арасында Жапония, Австралия, Нидерланды, Палестина, Улуу Британия, Колумбия, Израил жана Германиянын режиссерлору бар. Казакстандык кино бөлүмүндө Аскар Узабаевдин үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселесине арналган “Бакыт” тасмасы көрсөтүлөт. Ошондой эле, Адилхан Ержановдун “Адемоканы үйрөтүү” жана Казакстан менен Орусиянын кинорежиссерлорунун биргелешкен “Тарлан” тасмалары бар. Алгачкы тасма өз тагдырын өзгөртүүгө бел байлаган цыган кыздын жашоосу тууралуу баяндайт. Экинчисинде Закир аттуу бала менен Тарлан аттуу кулундун ортосундагы достуктун таасирдүү окуясы чагылдырылат. Толук метраждуу тасмалар сынагына Эльдар Шибановдун "Тоо пиязы" дебюттук тасмасы катышат.

Эльдар Шибанов, режиссер:

Бул Кытай тарапка кеткен чоң жолдо тоо пиязын саткан 11 жаштагы Жабай аттуу баланын окуясы. Менин чыгармам ушундай оор мезгилде адамдарга кубаныч тартуулап, кыялдарга жетелейт деп үмүттөнөм.

Кошумчалай кетсек, сынакта Виктор Вилковскийдин “Деңиздин кайтып келиши” илимий даректүү тасмасы көрсөтүлөт. Документалдык долбоорлор категориясына кирген тасма, Арал деңизи тууралуу көптөгөн жаңылыктарды чагылдырууга багытталган. Мади Балжановдун «Сүттүү кыз» толук метраждуу романтикалык комедиясы иш-чаранын көшөгөсүн жабат. Эл аралык Бастау фестивалы бештин айынын 3нө чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков