Казакстандын музей адистери Францияда такшалмадан өтөт

Казакстандын музей адистери Францияда такшалмадан өтөт

Казакстан менен Франция музей тармагында өз ара кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүдө. Жакында ата мекендик музей адистери Франциянын алдыңкы борборлорунда такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу Астанадагы Франция-Казакстан музей форумуна атайын келген француз делегациясынын өкүлдөрү билдирди. Чет элдик серепчилер буга чейин Алматы музейлеринин иши менен таанышып келишкен. Француз адистери казакстандык кесиптештери менен бир катар багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Альбер Наим, France Museums агенттигинин өкүлү:

– Биздин башкы максатыбыз - адистерди даярдоо менен катар музейографиядан тарта стенографияга чейин жаңылоо. Биз ар кандай галереялардын заманбап көрүнүшүн сактап калууга жана келүүчүлөрдүн чоң агымы менен иштөөгө жардам беребиз. Бул өнөктөштүк ошондой эле чет элдик коноктор үчүн тексттерди адаптациялоону, туристтердин чоң агымын тартуу үчүн эффективдүү стратегияларды иштеп чыгууну камтыйт.

Себастьен Де Куртуа, Франциянын Казакстандагы элчилигинин кеңешчиси:

- Мындан эки жыл мурун Франциядагы Азия искусствосунун улуттук музейинде Казакстандын тарыхый мурасына арналган масштабдуу көргөзмө чоң кызыгууну жараткан. Бүгүнкү күндө биз ийгиликтүү кызматташуубузду мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз. Биздин өнөктөштүк Казакстандын маданий объектилерин дүйнөлүк деңгээлде таанытуудан баштап, ар кандай тематикалык көргөзмөлөрдү уюштурууга жана эки өлкөнүн адистеринин ортосунда үзгүлтүксүз тажрыйба алмашууга чейин бир нече негизги багыттарды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков