Оймо-чиймедеги тарыхтын сыры. Борбор калаанын Улуттук музейинде «Цивилизациялардын кесилишиндеги Кулан шаары» аттуу көргөзмө ачылды. Анда байыркы шаардан табылган сүрөттөр коюлган. Чоподо басылган ар бир үлгү уникалдуу. Алар тарыхый жайдын ибадатканасын изилдөө жүрүшүндө жер үстүнө чыккан. Адистердин айтымында, 8-кылымга таандык баалуу экспонаттар Борбордук Азиядан буга чейин эч качан табылган эмес. Бул уникалдуу оймо-чиймелер акыркы үч жылдын ичинде кайрадан жаңыртылып, калыбына келтирилген. Бүгүнкү күндө Кулан шаарында түргөш, карлук жана караханиддер доорунун маданий катмарлары аныкталды. Ата мекендик илимпоздор дагы эле ачыла элек көптөгөн сырлар бар экенине ынанышат. Себеби, экспонаттар шаардын 40 чарчы метр аянтынын 40 пайызын гана казганда табылган. Белгилей кетсек, тарыхый-маданий эстелик ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Серик Акылбек, археолог:
- Анын сыртында «Шахристан» бар. Шахристандын көлөмү 230х230 метрди түзөт. Шахристандын бул бөлүгү азырынча изилдене элек. Сыртында рабат бөлүгү бар. Анын радиусу бир чакырым. Ал эми анын сыртында «карагай» деген бөлүгү бар. Сырткы чептин периметри 15 километрди түзөт. Ошондуктан бул шаар толук изилденип бүттү деп айта албайбыз. Учурда Кулан шаары боюнча бизде илимий долбоорлор даярдалып жатат. Бул мамлекеттин гранттарынын эсебинен каржыланган долбоорлор. Кулан шаарын изилдөөгө, музейлештирүүгө, консервациялоого ЮНЕСКО тарабынан каражат бөлүнүп, быйыл ал иштер башталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков