Теке айынын 1нен тарта Казакстан менен Кытайдын ортосунда түз аба каттамдары жанданат. Анткен менен учуунун өзүнүн талаптары бар. Кытайдын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, азыр учууга чейин 48 сааттын ичинде эки ПЧР текшерүүдөн өтүү керек. Экинчиси учууга 24 саат калганда тапшырылууга тийиш. ПЧР-тести элчилик жана башкы консулдук тарабынан дайындалган эки лабораторияда жүргүзүлүшү зарыл. Мындан тышкары, учууга 12 саат калганда кошумча антиген анализи берилет. «Көгүлтүр ден соолук коду» жана антигенди текшерүү сертификаты жок жүргүнчүлөр рейске киргизилбейт. Буга байланыштуу Кытайга учаар алдында аларга Казакстанда 10 күн обочолонуп, ден соолугуна көз салуу жана кепилдик катка кол коюу сунушталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков