Казакстандык археологдор байыркы металлургия борборун табышты

Казакстандык археологдор байыркы металлургия борборун табышты

Казакстандык археологдор сенсациялуу жаңылык жасашты. Акмола облусунун Кошкарбай конушунан байыркы металлургиялык кен табылды. Адистердин айтымында, бул аймакта табылган 20га жакын металл эритүүчү мештер коло доорунда курулган. Объекттер ушул күнгө чейин жакшы сакталган. Ар бир мештин айланасынан жыгач күлүн, ар кандай кошулмаларды жана жарым-жартылай эритилген таштарды көрүүгө болот.

Куаныш Шакшақов, облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү:

- Бул жерде радиокөмүртек сынамасын жүргүзүү керек. Эгер биоматериал чыкса, анда ДНК жасатуу шарт. Албетте, бул жерден металл чыгат. Аны менен катар металлографика жасоо зарыл.

Эритүүчү мештерге жакын жерден карьер дагы табылды. Археологдор ал жерде кен казылып алынган болушу мүмкүн деп эсептешет. Белгилей кетсек, Кошкарбай капчыгайы уникалдуу тарыхый-маданий корук болуп саналат. Мында ар кандай мезгилдеги 250дөн ашуун археологиялык эстеликтер бар. Мисалы, быйыл Красный Яр калктуу-конушунун жанынан табылган Ботай маданиятынын дагы бир жери изилденип жатат.

Жасулан Үкеев, облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин кызматкери:

- Таштан жасалган жебенин учтары, таштан жасалган эмгек куралдары табылып жатат. Ал эми колону алгачкы өздөштүрө баштаган мезгилдеги колодон жасалган эмгек куралдары табылыш мүмкүн. Бирок карапа идиштеринин сыныктары табылып жатат.

Казуу учурунда табылган экспонаттар Алматы жана Караганды шаарларындагы лабораторияларга экспертизага жөнөтүлөт. Ошондой эле, облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин кызматкерлери экспонаттарга экспертиза жүргүзүү боюнча швейцариялык компания менен келишим түзүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков