2021-жылдын башынан бери 8867 адам тарыхый мекенине кайтып келип, журтташтар макамын алышты. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик белгилегендей, журтташтардын көпчүлүгү Казакстанга Өзбекстандан кайтып келишкен. Алардын дээрлик 10 жарым пайызы Кытай Эл Республикасынан, 7% этникалык казактар Түркмөнстандан, калгандары башка өлкөлөрдөн көчүп келишкен.
Өлкөгө келгендер республиканын түштүк бөлүгүндө - негизинен Алматы, Түркестан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Шымкент шаарында отурукташууну туура көрүшөт. Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери 1 миллион 79 миңден ашуун этникалык казактар мекенине кайтып келишкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков