12 стартап Силикон өрөөнүндө акселерациядан өтүүдө

Казакстандык 12 стартап АКШдагы атактуу Силикон өрөөнүндө окууну баштады. Алар Astana Hub менен Draper University өнөктөштүгүнүн аркасында ушул жылдын бугу айында башталган акселерация программасын ишке ашырууга киришти. Ал кезде Америкага 15 стартап кеткен. Алардын арасында Казакстандын эле эмес, Түркия, Кыргызстан жана Монголиянын стартаптары да бар. Бул жолу да талапкерлер кылдат тандоодон өттү. Башында 120 стартап АКШда окуу ниетин билдирген. Алардын ондон бири гана тандоодон өткөн. Жалпы окуу процесси 3 этаптан турат. Анын экинчи этабында 80 стартап онлайн режиминде окуп, алардын арасынан дүйнөдөгү жаңы технологиялардын көпчүлүгү топтолгон аймакка барууга жолдомо алууга тандоо жүргүзүлгөн. Эми 5 жуманын ичинде стартаптар технология тармагындагы эң алдыңкы менторлордон билим алгандан сырткары, тажрыйба да топтой алышат. Эң негизгиси, өз чакан бизнестеринин чөйрөсүн кеңейтип, инвестиция тартууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Шыңгыс Оразбек, Astana Hub эл аралык мамилелер жана инвестиция кеңешинин башкы менеджери:
- Бул программа толугу менен Казакстан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинини колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Алар өз кезегинде Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташтыкты түзүштү. Биз биринчи кезекте өлкөбүздөгү жаңы инновацияларга колдоо көрсөткүбүз келет. Өнөктөштүктүн аркасында биз азыр эң мыкты стартаптарды чет өлкөгө жөнөтүп, алардын өнүгүшүнө, тажрыйба топтоп, билим алуусуна салым кошуп жатабыз. Казак жаштары ар кандай багытта долбоорлорду иштеп чыгышкан. Алардын арасында HR-tekти жана Fin-tekти айтсак болот. Биздин стартаптар буга чейин да инвестиция тартууга жетишти. Анын аркасында азыр акча таап жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков