Казакстанда 2025-жылдын биринчи жарымында чакан жана орто бизнестин өндүрүш көлөмү 43 триллион теңгеге, башкача айтканда 25%га өскөн. Улуттук экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өсүү 5 бирдей негизги тармакты – соода-сатык, кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш, транспорт ташуу жана балык, токой жана айыл чарбасын камтыган. Жалпысынан алганда, чакан жана орто бизнестин өлкөнүн ИДӨ көлөмүндөгү үлүшү 40%га жакындаган. Ошондой эле, бул тармакта иштегендердин саны 4 миллион 400 миң адамдан ашкан. Бул экономикалык активдүү жарандардын үчтөн бирине жакын. Ишкердик активдүүлүктүн артышына байланыштуу Казакстан ишкерлерди колдоо чараларын күчөтүп жатат. Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте орто ишкердикке арналган өнөр жай көлөмүн эки-үч эсеге кеңейтүү планы түзүлүүдө. Ушул максатта тиешелүү ишканаларга талдоо жүргүзүлүп, жеке өнүгүү планы иштелип жатат.
Ерлан Сагынаев, улуттук экономика вице-министри:
- Учурда орто бизнес негизинен кайра иштетүү өнөр жайына топтолгон, анын чакан жана орто бизнестин жалпы өндүрүмүндөгү үлүшү 12% тегерегинде. Бул тармактын өнүгүү дарамети жогору. Анын үстүнө аталган тармакта толук көлөмдө колдонулбаган өндүрүштүк кубаттуулук көлөмү бар, буга орто ишкердик формаларын да кошо эсепке алып отурабыз. Мамлекет Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы менен биргелешип ушул багытта орто ишкерликти өнүктүрүүгө көңүл буруп отурат.
Санариптештирүү реформалардын башкы элементи болуп кала берет. Жаңыртылган Egov Business мобилдик тиркемесин ишке киргизүү жана «Бизнестин санариптик картасын» түзүү ишкерлерге «бирдиктүү терезе» принциби менен кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда 3 жарым миллиондон ашык санариптик кызмат көрсөтүлдү, ал эми активдүү колдонуучулардын саны 78 миңден ашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

