Казакстанда жумуш адистиктер боюнча кесипкөй чеберчилик чемпионаты өтүп жатат

Казакстанда жумуш адистиктер боюнча кесипкөй чеберчилик чемпионаты өтүп жатат

Астанада «WorldSkills Kazakhstan-2024» улуттук чемпионаты өтүүдө. Бул кесипкөй чеберчилик сынагы келерки жылы Даниядагы европалык жана 2026-жылы Кытайда өтө турган дүйнөлүк этапка тандап алуу мелдеши. Дүйнөлүк мелдештерге катышууга жолдомону 500дөн ашуун келечектеги адистиктер ээси бактарын сыноодо. Алардын 30 компетенциясы боюнча кесипкөйлүгү текшерилет. Салттуу кесиптер менен катар IT, робототехника сыяктуу заманбап кесиптерди өздөштүргөн студенттердин билимдери бааланат.

Санжар Сатибеков, «TALAP» КЕАК президенти:

- Дүйнөлүк чемпионаттарга катышкан студенттерибиз атаандаштыкка жөндөмдүү десек жаңылышпайбыз. Башкача айтканда, быйыл 6 бала медальон алышты. Медальон-бул дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн кесиптик квалификациясын далилдеген нерсе. Алар муну эл аралык чемпионатта далилдей алышты. Быйыл ал Франциянын Леондо шаарында өттү.

Салттуу мелдештердин дүйнөлүк деңгээлинде акыркы 4 жылдан бери казакстандык веб-Иштеп чыгуучулар мыктылардын катарында. Руслан Юсупов дүйнөлүк сынактан эки байгеге ээ болду. Азыр ал - ушул багытта өзүнүн жолдоочуларын тарбиялап жаткан устат республикалык тандоо турнирине баа берген 500дөн ашуун серепчилердин бири.

Руслан Юсупов, ВЕП технологиялар боюнча көз карандысыз серепчи:

- Биз жөнөкөй веб-баракчалардан баштап, Google, Apple, Amazon сыяктуу ири компанияларда иштелип чыккан веб-тиркемелерге чейин сайттарды жасоо менен алектенебиз.  Казакстан бүгүнкү күндө WorldSkills чемпионаттын лидерлеринин бири. Бул жылы биз Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүнүн катышуучуларынан озуп чыктык. Биринчи орунду ээлеген Кореяны гана алдырып койдук. Кийинки жылы биз биринчи орунду алууга аракет кылабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков