Казакстанда балык өстүрүү тармагы өнүгөт

Өлкөнүн суу сактагычтарында жылына 600 миң тоннага чейин балык өстүрсө болот. Бул планды ишке ашыруу үчүн 20-30 жыл талап кылынат. Жакынкы 10 жылда дараметтин 45 пайызына жетишилет деп болжолдонууда. Өкмөт балык чарбасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн тармактык программасын сунуштады.

МАГЗУМ МЫРЗАГАЛИЕВ, ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИГЫЙ  РЕСУРСТАР МИНИСТРИ:

- Программага ылайык, 2030-жылга чейин жылына 270 миң тоннага жакын товардык балык өстүрүү мерчемделип жатат. 545 жаңы балык чарбалары түзүлүп, иштеп жаткан 323 чарбалар толук кубаттуулукка чыгат.

Балык чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн 10 жылдын ичинде 345 миллиард теңге жеке инвестицияларды тартуу көздөлүп жатат. Эң башкысы, программа чет өлкөдөн келген импортту ата мекендик өнүмгө алмаштырууга багытталган. Импорттолгон чабактарга болгон көз карандылыкты жоюу үчүн өлкөдө балык чарбалары ачылат. Премьер-министр Экология министрлигинин сунуштарын толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

АСКАР МАМИН, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Балык өнүмдөрүн экспорттоо учурда 30 тоннаны түзсө, 2030-жылга чейин жылына 136 тоннага чейин өсүшү күтүлүүдө. Демек, өндүрүштүн көбөйүшү импортту жылына 45 тоннадан 25 тоннага чейин кыскартат. Балыктарды ички керектөө эки эсеге көбөйөт. Мындан тышкары, балык чарбасын өнүктүрүү менен 50 миңге чейин жумуш оруну түзүлөт.

Натыйжада өлкөдө балык өстүрүүнүн жылдык көлөмү отуз эсе көбөйөт.