Бул тууралуу Ташкентте өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Министрлер Кеңешинде айтылды. Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери Түштүк Азия менен Кавказды, Борбор Азия менен Европаны жаңы транспорт коридорлору менен байланыштырууну көздөшүүдө. Казакстан тогуз жолдун түйүнү иретинде каралып жатат.
Хусрав Нозири, экономикалык кызматташтык уюмунун башкы катчысы:
- Тараптар транспорттук байланыштарды, анын ичинде Транскаспий коридорун өнүктүрүүнү макулдашты. Маселен, Алматы-Стамбул каттамын бекемдөө боюнча жаңы демилгелер бир добуштан колдоого ээ болду.
Жалпы кызматташтык уюмуна Азербайжан, Иран, Пакистан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Акыркысы менен бизде эл аралык темир жол тармагы бар. Ал эми уюмдун иши Иран, Түркия, Пакистан менен бир деңгээлде каржыланып жатат. Казакстан Түндүк-Түштүк коридорунун чыгыш багытын өнүктүрүүнү бир нече жыл мурун баштаган. Азыркы учурда Түркмөнстан менен Иранга жылына 130 миң тонна жүк жөнөтүлөт. Алдыдагы убакытта бул көрсөткүч 10 миллион тоннага жетиши мүмкүн.
Мухтар Тлеуберди, Премьер-министрдин орун басары, тышкы иштер министри:
- Бул көрсөткүчкө жетүү үчүн инфраструктураны жакшыртып, өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу керек. Административдик тоскоолдуктарды жоюп, ташуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Жаңы каттамдарды өнүктүрүүнүн артында жол жүрүү убактысын жана чыгымдарын азайтат. Биз Түндүк-Түштүк коридорунун жол картасын иштеп чыгууну, ошондой эле 2022-жылы Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун жол картасына кол коюуну кубаттайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков