Казакстанда 13
миң чакырым унаа жана 6 миң чакырымдан ашык темир жолду оңдоо пландалууда.
Автотрассанын, тактап айтканда, «Актөбе-Улгайсын» жана «Караганды-Жезказган» участокторунда иштер башталды. Жаңы долбоорлордун катарында «Борбор-Батыш» жолунун курулушу
да бар, бул Астанадан Актау портуна чейин транзиттик каттамдардын аралыгын
кыскартууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу өкмөттүн транспорт тармагындагы ири
инвестициялык долбоорлор боюнча жыйынында айтылды. «Кызылжар-Мойынты»
участкасындагы иштер жылдын биринчи жарымында бүткөрүлүшү күтүлүүдө. Ошондой
эле автожолдордун сапатын сактоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Өткөн жылы мындай тапшырманы президент
Касым-Жомарт Токаев берген. Бул максатта өлкөдө автоматташтырылган өлчөө
тутумдары орнотулуп жатат. 2026-жылы алардын жалпы санын 126га жеткирүү көздөлүүдө.
Дархан Иманашев,
«КазАвтоЖол УК» АК башкарма төрагасы:
- Мындай
датчикерди орнотууга кириштик. Алар эмне үчүн кызмат кылышат? Алардын жардамы
менен автоматташтырылган өлчөө тутумдары ашыкча жүктү аныктайт. Жол эрежесин
бузбоо үчүн унаа каражаттарынын көлөмү тууралуу маалыматты тез арада жөнөтөт. Ашыкча
жүк болгон учурда унаа ээсине айып пул салынат.
Ошондой эле
келерки айда Актау портун тереңдетүү иштерин жүргүзүү пландалууда. Долбоорду
ишке ашыруу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошентип, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк
жогорулайт. Соода флотун өнүктүрүүнүн алкагында 8 жаңы кеме сатып алуу көздөлүп
жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

