Президент АКШнын ири компанияларынын башчылары менен жолукту

Президент АКШнын ири компанияларынын башчылары менен жолукту

Билим берүү системасын өнүктүрүү, мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жогорку окуу жайларга  академиялык колдоо көрсөтүү. Касым-Жомарт Токаев бул темаларды Нью-Йоркто билим берүү жана заманбап турмуштук көндүмдөрдү окутуу тармагындагы лидерлердин бири болуп эсептелген Coursera компаниясынын башкы мүдүрү Джефф Маджи Онкалда менен жолугушууда талкуулады. Ошондой эле, мамлекет башчысы Казакстандагы Microsoftтун ишин кеңейтүү, анын ичинде IT лабораториясын ачуу, адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча пландарды компаниянын Борбордук Азия аймагы боюнча башкы менеджери Мишель Симмонс менен сүйлөшүүдө тактады. Буга кошумча, Клаус Шваб менен жолугушууда ал президентти 2023-жылдын үчтүн айында Давосто өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумга катышууга чакырды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков