«Астана» эл аралык каржы борборунда алгачкы биржалык ноталар жүгүртүүгө чыкты

«Астана» эл аралык каржы борборунда алгачкы биржалык ноталар жүгүртүүгө чыкты

АЭКБда – алгачкы биржалык ноталар жүгүртүүгө чыкты. Бул эл аралык биржаларда катталган баалуу кагаздарга негизделген исламдык каржылоонун жаңы өнүмү. Башкача айтканда, шарият мыйзамдарына ылайык инвестициялоонун дагы бир куралы. Платформа ислам принциптерин карманган 350дөн ашык эл аралык компаниялардын акцияларын бириктирет. Алар дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө жүгүртүүдө. Биринчиден, бул инвестициянын ар тараптандыруу тобокелдигин азайтуунун эффективдүү жолу -  дешет тармактын адистери.

Мадина Тукулова, АЭКБ исламдык каржык жана бизнес хабынын башчысы:

- Бул биринчи чекене курал болуп саналат. Астана Эл аралык каржы борборунун биржасынын «Киреше» тиркемесинин колдонуучулары шарияттын талаптарына жооп берген ETN ислам куралын колдоно алышат. Бул куралдын натыйжалуулугу кандай? Акциялар биригүүдөн кийин арзандайт. Тескерсинче, Казакстандын жарандарына бул каражаттарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков