Астанада «Борбор Азия – Кытай» Эл аралык медиа форуму
өттү. Аны кытайлык эң ири «Жэньминь жибао» басылмасы Казакстан Республикасынын
Президентинин телерадиокомплекси менен бирге уюштурган. Иш-чарага аймактагы
өлкөлөрдөн жана Кытайдан 200дөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын
өкүлдөрү, саясий серепчилер жана талдоочулар чогулушту. Алар медиа алмашуу
мамилелердин маанилүү бөлүгү экенин жана өзгөчө азыр маалыматтык технологиялар
өнүккөн заманда ЖМКлар кызматташуунун жаңы форматтарын табышы керектигин
белгилешти.
Раушан Кажибаева, Казакстан Республикасынын президенти
телерадио комплексинин мүдүрү:
- «Бир алкак жана бир жол» демилгеси инфраструктура жана
экономикага гана тиешелүү эмес. Бул адамзаттын жалпы тагдыры идеясына
негизделген философия. Ал эми бул идея бизге өзгөчө жакын. Биз Улуу Жибек
жолунун мураскерлерибиз жана бүгүн биз товарлардын эмес, идеялардын,
маанилердин жана ишенимдердин байланышы тууралуу сөз болуп жаткандыгы
символикалуу. Анткени, мамлекеттер ортосундагы чыныгы жакындык адамдардын
түшүнүүсүнөн жана өз ара кызыкчылыктан башталат. Бул жараяндарда массалык маалымат
каражаттарынын ролун баалабай коюуга болбойт.
«Жэньминь жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары
Фан Цзяньшань белгилегендей, Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытай эки тараптуу
деңгээлде жалпы тагдырлар коомчулугу түзүлгөнүн расмий жарыялашты.
Фан Цзяньшань, «Жэньминь жибао» гезитинин башкы
редактору:
- Адамзаттын жалпы тагдырынын коомчулугу идеясы бара-бара глобалдык консенсуска жана жалпы баалуулукка айланып, кубаттуу кыймылга айланып баратат. Бул концепция регионду эки тараптуу жана көп тараптуу форматта биринчи жолу камтыды. Региондун толук камтылышы тараптардын кызматташуунун жогорку деңгээлине жана сапатына жетишүүгө болгон чечкиндүүлүгүн жана умтулуусун чагылдырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

