Казакстан өкмөтү газ тармагын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплексттик мерчемин бекитти. Бул тууралуу QazaqGaz билдирди. Документ газ рыногун жөнгө салуу боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгууга, тармакка инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүүгө, товардык газ өндүрүүнү көбөйтүү максатында ресурстук базаны кеңейтүүгө жана отун-энергетика комплексин андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкө керектөөчүлөрүн үзгүлтүксүз жана коопсуз газ менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
«Ички рынокту өнүктүрүү тармагында компания 2030-жылга карата газдаштыруунун деңгээлин 65%га чейин жеткирүүнү жана чыгашасыздыкка жетишүүнү максат кылууда. Газдаштыруунун башкы схемасын жүзөгө ашыруу көз карандысыз газ бөлүштүрүүчү уюмдардан жеке инвестицияларды тартуу жолу менен улантылат», - деп билдиришти улуттук компаниядан.
Газ химиясында жана кайра иштетүүдө оператор эң пайдалуу долбоорлорду рыноктук баада газ менен камсыз кылууну көздөйт. Энергетика жана газ химиясынын жаңы долбоорлорун иштеп чыгуу артыкчылыктуу максаттар болуп саналат. Аларга метанол, карбамид, аммиак, гранулдашкан күкүрт, көк суутек, жер семирткичтерди жана башкаларды өндүрүү кирет.
Которгон: Нурлан Досалиев