Экономиканы диверсификациялоо Атырау облусунун өнүгүүсүнө жаңы дем берет. Бул тууралуу кезектеги иш сапарынын алкагында мунай аймагына атайын барган Касым-Жомарт Токаев билдирди. Президент облустун эли менен болгон жолугушуусунда мамлекеттик саясат келечекте күчтүү аймактар – күчтүү өлкө принцибинин негизинде жүргүзүлөөрүн айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Облуста Улуттук өнөр жай нефтехимиялык технопарк атайын экономикалык аймагы түзүлдү. Анда иштеген ишканаларга салык жана бажы жеңилдиктери берилет. Ошондой эле, мамлекет тарабынан инвестиция тартуунун ар кандай ыкмалары каралган. Башка ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Алар инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестицияларды жана жаңы технологияларды тартууга жол ачат. Ошол эле учурда бир нече миң жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт жана администрация инвесторлор менен бирге алардын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киришин камсыз кылышы керек.
Мындан тышкары, президент мунай кампаларын максималдуу көбөйтүү өтө актуалдуу маселе экенин айтты. Буга байланыштуу мамлекет башчысы “Казмунайгаз” улуттук компаниясына экологиялык коопсуздук талаптарын сактоо менен Атырау облусунда ири мунай сактоочу жай куруу маселесин кароону тапшырды. Мамлекет башчысы аймактагы балык чарбасын өнүктүрүүгө да көңүл бурду. Ошону менен бирге, осетр балыктарынын санын көбөйтүү, балык заводдорун модернизациялоо тапшырмасын берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков