Казакстан буудайынын экспорту Европа Биримдиги мамлекеттерине 13 эсе өстү

Казакстан буудайынын экспорту Европа Биримдиги мамлекеттерине 13 эсе өстү

Казакстан Евробиримдик өлкөлөрүнө өз өнүмдөрүн сатуунун көлөмүн көбөйтүүдө. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын эки айында Казакстандын Европа Биримдигине экспорту 84,5 пайызга өсүп, 5,2 миллиард долларды түздү. Алардын рыногуна жиберилген негизги товарлардын арасында мунай, газ жана мунай өнүмдөрү, ферросплавдар, алюминий жана буудай бар. Айта кетсек, соңку экспорттун көлөмү быйылкы жылдын эки айында 13 эсеге өскөн. Energyprom.kz серепчилери мындай жетишкендиктерди былтыр буудай айдоо аянтынын көбөйүшү менен байланыштырышат. Ал дээрлик 13 миллион гектарды түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 6,2%га көп. Бардыгы болуп быйылкы жылдын үчтүн айында эле Казакстан өлкөсү тышкы рынокторуна дээрлик 600 мин тонна буудай жана меслин жеткирди. Бул өткөн жылдагыдан дээрлик жарым эсеге көптүк кылат. Акчалай алганда өсүш 87%ды түзүп, 177 миллион ​​АКШ долларына жетти.

«Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында буудай жана меслинге экспорттук жеткирүүлөрдүн баасы жыл ичинде 19%га өскөн. Атап айтканда, КМШ өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдүн баасы 21,8%га, дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө 10,8%га жогорулады», - деп айтылат маалыматта.

Импортко келе турган болсок, бул жаатта дан эгиндерин экспорттоого Орусия тарабынан киргизилген убактылуу тыюу салуудан улам көлөмдүн азайышы байкалат. Ага жараша орус данынын рынокко чыгышы азайышы керек.

«Жалган куран айынын жыйынтыгы боюнча буудайга карата айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчү баалардын кескин жогорулашы байкалган жок: азырынча айына 1,5%. Бирок, бир жылдын ичинде бул көрсөткүч өтө сезилерлик 20,1%га өскөн. Жалпысынан дан эгиндери боюнча баанын өсүшү 18,1%ды, ал эми айыл чарба өнүмдөрү боюнча 17%ды гана түзгөн. Келечекте айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн баалары эмне болорун (айрыкча доллардын курсунун кийинки секириктерин эске алуу менен) жана бул казакстандыктар үчүн чекене баага кандай таасир этээрин айтуу кыйын, бирок бирок оптимисттик божомол деп айтууга болбойт».

Которгон: Илгиз Жамалбеков