Транскаспий багыты боюнча Казакстандын жүк экспорту дээрлик 3 эсеге өстү

Транскаспий багыты боюнча Казакстандын жүк экспорту дээрлик 3 эсеге өстү

Маселен, быйыл үчтүн айы, жалган куран айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бул коридор аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү дээрлик 64%га өсүп, 433 миң тоннадан ашкан. Анын ичинде 4 миңден ашык контейнер бар. Ошол эле учурда Казакстандын экспортунун үлүшү үстөмдүк кылат. Анын көлөмү дээрлик 3 эсеге өстү. Ал эми импорттук транспорт 22%га жеткен. Бүгүнкү күндө  республикадан түстүү металлдар, ферросплав (темир эритиндиси), жасмык, азык жүктөрү жүктөлүүдө.  Томат пастасы, химиялык заттар жана жабдуулар Кытайдан Түштүк Европага жана Түркияга биздин өлкөнүн аймагы аркылуу транзит менен ташылат. Эске сала кетсек, коридордун “Достык-Мойнты” тилкесинде экинчи темир жолдорду куруу, Актау портунда жаңы контейнердик түйүн жана Алматы станциясынын айланма линиясын куруу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык трассанын кубаттуулугун бир кыйла жогорулатууга жардам берди.