Учурда Казакстанда кайра жанма энергия булактарынын 7 долбоору ишке ашырылууда. Жалпысынан 2023-жылы кубаттуулугу 276 МВт болгон 15 кошумча объектилерди ишке киргизүү көздөлүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө альтернативдик энергия булактары боюнча 130 долбоор ийгиликтүү жүзөгө ашып иштөөдө. Алардын арасында шамал, күн, суу жана биоэлектр станциялары бар. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча альтернативдик энергетика объектилеринде өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 3,35 миллиард кВт саатты же электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 6%га жакынын түздү. Белгилей кетсек, президент элге кайрылуусунда 2027-жылга чейин Казакстанга дагы 1,4 гигаватт электр энергиясы киргизилерин белгилеген. Өлкөнүн энергетикалык балансынын структурасы да өзгөрүүдө. Ошондуктан бүтүндөй энергетика тармагын башкаруу ыкмаларын өркүндөтүү керек, - деди Касым-Жомарт Токаев. Президент суутек өндүрүшүн өнүктүрүү зарылдыгына да токтолуп өттү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
-Энергия булактарын кеңейтүү энергетика тармагында технологияларды трансфертке, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, аккумулятордук өнөр жайды түзүүгө негиз түзөт. Эң башкысы өлкөдө чийки зат жетиштүү. Энергиянын балансталган булактарын, кубатты топтоо тутумдарын түзүү боюнча жаңы чечимдерди кабыл алуу зарыл. Көмүртектин нейтралдуулугуна өтүү буу газдарынын эмиссиясына квоталарды сатуу аркылуу тездетүүгө болот. Бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн өкмөт жана бизнес өкүлдөрү кам көрүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков