Казакстанда сугат системасы заводу пайда болот

Казакстанда алдыңкы ирригациялык тутумдарды чыгаруучу завод ачылат. Долбоорго америкалык компания инвестиция салууда. Ишкананын кубаттуулугу жылына бир миң айыл чарба машиналарын чыгарат. Адистердин айтымында, сугаруунун алдыңкы технологиясы өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 50-70% га көтөрүп, сууну сарптоону кыскартат.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Маминдин айтымында, 2020-жылдын аягында айыл чарба туруктуу өсүшкө жетишип, 5,6% ды түздү. Маалыматка ылайык, бул акыркы 6 жылдагы тармактагы эң жогорку көрсөткүч. Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы, агроөнөр жай комплекси дүйнөлүк азык-түлүк чынжырларында үзгүлтүккө учураган шартта Казакстанда инфляцияны ооздуктоонун чечүүчү фактору болуп калгандыгын айтты.

Белгилей кетсек, БУУнун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Казакстан айыл чарба жаатында мүмкүнчүлүктөрү жогору беш мамлекеттин катарына кирет.