«Сүйүүдөн да артык» тасмасы көпчүлүктүн назарына сунушталды

«Сүйүүдөн да артык» тасмасы көпчүлүктүн назарына сунушталды

Эки мамлекеттин кинематографисттеринин биргелешкен эмгеги кеңири сатыкка чыкты. Тасма тартуучуларынын айтымында, негизги максат – жашоодогу чыныгы достуктун турмушта бар экенин коомчулукка көрсөтүү.

Иракли Какаладзе, Казакстандын Грузиядагы ардактуу консулу:

- Казактар ​​менен грузиндерди бириктирип турган элдердин достугун жана башын бириктирген элдер достугу бар экендигин көрсөткөн жылуу фильм. Биз казак, грузин, кавказдык болушубуз мүмкүн, бирок үй-бүлөлүк баалуулуктарыбыз, тамашаларыбыз, каада-салттарыбыз, достугубуз, той-топурларыбыз, жан дүйнөбүз жагынан абдан окшошпуз. Бул тасмада дал ошол нерселер көрсөтүлөт.

Тасманын окуялары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда орун алат. Грузин жана казакстандык эки чалгынчы абадан чабуулга кабылат. Бакытжан өз өмүрү коркунучта турса да аскердеги жолдошун аман сактап калат. Курман болордун алдында досу Ваного алардын балдары дос болорун айтып, ант берет. Бирок ал убадасын аткара албай, эми Алматыга келген неберелери чоң аталарынын антын аткарууга мажбур болушат. Белгилей кетсек, тасманы тартуу пандемия учурунда жана өтө оор шарттарда өткөн. Ошол кездеги эпидемияга байланыштуу ар кандай көйгөйлөр жаралган. Деген менен тартуу тобу кырдаалга ыңгайлашып, кээде актерлор импровизация да жасашкан.

Илья Чихаидзе, Грузия мамлекетинин актеру:

- Мен Казакстандын көптөгөн жылдыздары менен таанышканымда, алар мага актёрдук өнөрдө көп нерсе үйрөтүштү. Тасмада мен сүйүү издеген каармандын ролун ойнойм. Анткени, картинада чоң атам согуш маалында уулдуу болсо, казак аялына үйлөнөм деп убада берген экен.

Тасмадагы аскердик көрүнүштөр жана окуянын грузин бөлүгү Тбилисиге жакын жерде тартылган. Кийинчерээк тартуучу топ Алматыга көчүп келип, андагы шаардын кооз жерлери тасма тартуучу жайга айланган. Белгилей кетсек, режиссёрлор бул тасма биринчи жана акыркы эмес экендигин айтышат. Жакынкы арада бир эмес, бир нече биргелешкен чыгармаларды тартуу пландары бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков