Токаев Санкт-Петербургда ЖЕЭК жыйынына катышат

Токаев Санкт-Петербургда ЖЕЭК жыйынына катышат

Президент Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келди. Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттерин жана маанилүү багыттарын талкуулоону пландаштырууда. Казакстандын президенти КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна да катышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков