Казакстандык спортчулардын Кытайда өткөн Азия жана азиянын параоюндарына катышуусунун жыйынтыктарынын анализин Туризм жана спорт министри мамлекет башчысына тапшырды. Касым-Жомарт Токаев спорт тармагын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу боюнча ишти сапаттуу жана этап-этабы менен жүргүзүүнү жүктөдү. Ермек Маржикпаев президентке өлкөнүн туристтик дараметин мындан ары өнүктүрүү жана министрликтин карамагындагы тармактар боюнча мыйзам базасын өркүндөтүү тууралуу маалымат берди. Жыйындын соңунда мамлекет башчысы мекеменин алдына конкреттүү милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков