Тогуз коргоол боюнча чемпионаты

Тогуз коргоол боюнча чемпионаты

Тогуз коргоол боюнча алдыңкы үч команда Казакстандын курама командасына кабыл алынат. Актауда окуучулар жана студенттер арасында казактын байыркы улуттук оюну боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдеште эки шаардан жана сегиз облустан 80ге жакын спортчу күч сынашууда. Белгилей кетсек, жыл башынан бери тогуз кумалак боюнча 7 чемпионат, ошондой эле Казакстан жана Азия кубоктору өткөн. Маңгыстау облусунда өткөн мелдеш жетинин айынын 7синде жыйынтыкталат.

Жандаулет Жанабилов, жарышка катышуучу:

Бардык командалар жакшы даярдык менен келишкен. Өлкө чемпионаты өтүп жаткандыктан, ар бир команда жеңүүчү болууну каалайт. Албетте, даярдыгыбыз, дилгирлигибиз, ынталуулугубуз жетиштүү деп ойлойм.

Даулет Абдикарим, мамлекеттик машыктыруучу:

80ге жакын спортчу катышууда, алардын үчөө эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери, экөө Казакстан Республикасынын спорт чебери. Калгандары спорттун чеберлигине кандидаттар. Андан соң Актөбө шаарында 6-дүйнөлүк чемпионат өтмөкчү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков