«Казпочта» ЮНИСЕФ менен биргеликте жаңы почта маркаларын чыгарды

Казакстанда БУУнун Балдар укуктары боюнча Конвенциясынын ратификация болгондугунун 30 жылдыгына арналган 4 почта маркасы жүгүртүүгө чыгарылды. Иш-чаранын аземи Астанадагы Тышкы иштер министрлигинин имаратында өттү. Маркалардын дизайны үй-бүлөлүк биримдикти, ар бир баланы коргоону жана камкорго алууну билдирет.

Талгат Газизов, «Казпочта» АКнын башкаруучу мүдүрү:

- 450 теңге номиналындагы маркалар, жалпы тиражы 6000. Алар казак почтасынын бардык бөлүмдөрүнө таратылат, көпчүлүк билгендей, марка-бул биздин өлкөдө болуп жаткан ар кандай даталарга жана окуяларга арналып чыгарылган символикалык мамлекеттик документ.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Казакстандын балдарды коргоо жана бакубат жашоосу үчүн жасалган чоң жолун символдоштурат. Алсак, республиканын ар бир регионунда балдар өкүлчүлүктөрүнүн институту түзүлгөн, балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту жана балдардын бакубаттуулугунун индекси киргизилген. Ошондой эле, Казакстан өкмөтү менен ЮНИСЕФтин кызматташтыгынын беш жылдык жаңы программасы иштелип жатат.

 Рашид Мустафа Сарвар, ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлү:

- Албетте, биз талкуулап жаткан жаңы чакырыктар климаттын өзгөрүшүнө жол берет. Балдарды кибермейкиндикте кантип коргоо керек? Санариптик, инклюзивдик билим берүү, психикалык ден-соолук жана бүгүнкү күндө актуалдуу болгон ар кандай чакырыктар -  биздин балдарды, өспүрүмдөрдү дени сак, билимдүү өлкөнүн жарандары болуп өсүшү үчүн кантип коргоо жана жардам берүү керектигин көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков